Үйүңүздө жалгыз
отурасыз.
Чындап эле жалгыз
болдуңуз бекен?
«Өзүм жалгызмын» деген
учурларыңызда да негизи жаныңызда өтө көп жандык бар болот. Денеңизде сиз менен
бирге жашаган жана сизди дайыма коргоп турган, кээде болсо ооруп калышыңызга себепчи
болгон бактериялар, отурган креслоңуздан килемиңизге, дем алган абаңызга чейин
бүт тарапка тараган чаң кенелери, ашканаңызда бир канча күн туруп калган
тамак-аштарда көбөйүп баштаган көк дат жана козу карындар... Булардын баары
өзүнүн жашоо формасы, тамактануу системалары жана ар кандай өзгөчөлүктөрү менен
таптакыр башка бир ааламды түзүшөт.
Балким ушул күнгө чейин тирүү
организмдер айланаңыздагы адам-жаныбар-өсүмдүк үчилтигинен гана турат деп ойлоп
келген чыгаарсыз. Бирок жер жүзүнүн бүт жагына тараган бул жашыруун дүйнөнүн
мүчөлөрү, микроорганизмдер башка жандыктарга караганда алда канча чоң
популяцияга ээ. Сан менен айта турган болсок, бул кичинекей жандыктар жер
жүзүндөгү жаныбарлардан 20 эсе көп.1 Жер
жүзүнүн бүт жагына тарашкан жана адам жашоосунда өтө маанилүү роль ойношот.
Бул микроорганизмдер тобун эмнелер
түзөт?
Биз бул китепте бактерияларды,
вирустарды, козу карындарды, балырларды жана чаң кенелерин карайбыз. Бул
жандыктардын аттары сизге, албетте, тааныш болушу керек, бирок сизге канчалык жакын
экенин көбүнчө жакшы биле бербейсиз. Мисалы, жер бетинде жашоонун пайда болушун
камсыз кылган негизги элементтердин бири болгон азоттун айланышын бактериялар
камсыздашат. Өсүмдүктөрдүн топурактан минералдарды алышында тамыр козу
карындары эң негизги рольду ойношот. Салат же эт сыяктуу ичинде нитраты бар
тамак-аштардан ууланышыңызга тилиңиздеги бактериялар бөгөт болушат. Ошондой
эле, бактериялар менен балырлар жер бетиндеги жашоонун негизги элементи болгон
фотосинтезди жасай алышат жана өсүмдүктөр менен бирге бул функцияны да
аткарышат. Кээ бир чаң кенесинин түрлөрү органикалык заттарды майдалап,
азыктарды өсүмдүктөр колдоно ала турган формага алып келишет. Кыскасы, бул
микро жандыктар жер жүзүндөгү жашоо тең салмактуулугунун маанилүү бир бөлүгү
болуп саналат. Бул жандыктардын кээ бирлери ооруларга себеп болушат. Денебиздеги
иммундук система ушул жандыктар менен согушуу үчүн жаратылган. Кээ бирлери
медицина али ача албаган ыкмаларды иштеп чыгып денебизге тездик менен тараса,
кээ бирлери адамды бир заматта же акырындап өлүмгө алып барууда. Кээ бирлери
башка бир жандыктан пайдаланып, ага да пайдасын тийгизет, башкача айтканда,
симбиотикалык өмүр (орток өмүр) сүрөт. Кээ бирлери болсо биригип алып, чечим
чыгарышат, план түзүшөт, уюшуп алып, абдан татаал иштерди жасашат. Булардын
баарын жасагандар көзгө көрүнбөгөн жана көбүнчө бир клеткадан турган микро
жандыктар.
Бул микро жандыктардын айланабызга
канчалык ыкчам тараарын билүү адамды таң калтырууга жетиштүү. Муну түшүнүү үчүн
төмөнкү мисалды карайлы: бир изилдөөдө бир айдоо жердин 0,5 гектарлык аянтында
болжол менен бир канча тонна тирүү бактерия, болжол менен 1 тонна козу карын,
100 кг бир клеткалуу жөнөкөй (протозоан) жандык, болжол менен 50 кг ачыткы жана
ушунчалык көлөмдө балыр бар экени эсептелип чыккан.2
Бул жандыктардын өзгөчөлүктөрүн
билүү жана бул ааламдын ичине кирүү негизи абдан маанилүү. Кээ бир адамдар
көзгө көрүнбөгөн бул жандыктарды өтө жөнөкөй жандыктар деп ойлошот. Ошондуктан
булардын жөндөмдөрүн жана күчтөрүн эч билишпейт.
Толугу менен алдамчылыкка таянган
эволюция теориясынын жактоочулары адамдардын бул сабатсыздыгынан пайдаланып,
бул жандыктардын комплекстүү өзгөчөлүктөрүн көп айтышпайт. Кээде бактериялар
жасаган укмуш акылдуу бир иш-аракетти көрмөксөн болуп, бир вирустун адамдын
денесин кандай план менен басып алаарын эч айтышпайт.
Бул китепте микро дүйнөдөгү
жандыктарды Аллахтын канчалык улуу акыл, чеберчилик жана кудурет менен
жаратканын, тирүү организмдерди аң-сезимсиз кокустуктар менен түшүндүрүүгө
аракет кылган эволюция жактоочуларынын болсо канчалык чоң туюкка кабылганын
апачык далилдер менен карайбыз.
АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ
Аллах жаратуу үчүн
долбоор, план түзүүгө муктаж эмес.
Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура
түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен
жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт.
Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө
муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир
учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин
болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куран аяттарында
мындай деп айтылат:
Бир нерсени
каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин
Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана
жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир
гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)
Булактар:
1- Guy
Murchie, The Seven Mysteries of Life, Houghton Mifflin Company, Boston, 1978,
sf. 85
2-http://www.icr.org
/pubs/imp/imp-144.htm.

Комментариев нет:
Отправить комментарий